Кет тили
Көрүнүш
Кет тили, енисей-остяк тили – кеттердин тили. Енисей семьясындагы тилдерден сакталып калган жалгыз тил. Кет-пумпокол топчосуна кирет. РСФСРдин Краснояр крайынын (Турухан жана Байкит райондору) түндүгүнө таралган. Имбат жана сым (же юг) деген эки негизги диалекти бар. Кет тилинин биринчи жазуусун 1934-ж. енисей тилдерин изилдөөчү Н. К. Каргер түзгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9